Эларалык кысыктар
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЭЛАРАЛЫК КЫСЫКТАР – эларалык маанидеги кеме жолу өтө турган кургак жер аралыгындагы мухит менен деңиздерди бириктирүүчү табигый суу мейкиндиги. Аймактык деңиз жана ага жанаша жаткан тилкелер жөнүндөгү 1958-жылкы Женева конвециясында белгиленген негизги принцип боюнча, кысык боюнда жайгашкан мамлекеттер бул жерден өтүп бараткан кемелерди токтотууга тийиш эмес. Деңиз укугу боюнча БУУнун 1982-жылкы Конвенциясына ылайык, Э.к. тартиби анын түрүнө жараша болот: а) ачык деңиз бөлүгүн же таза экономикалык тилкени аймактык деңиз менен бириктирүүчү кысыктар (мында аймактык деңиз аркылуу тынчтык менен өтүп кетүү эрежеси колдонулат); б) ачык деңиздин бир бөлүгүнүн арасы аркылуу кемелердин өтүүсү үчүн кодонула турган кысыктар (мында транзиттик (басып) өтүү укук тартиби колдонулат); в) ортоңку бөлүгүндө ачык деңиз бар болгон же таза экономикалык тилкеге кирген кысыктар (мында соода жана аскердик кеме сүзүү эркиндиги колдонулат); г) атайын көп тараптуу эларалык келишимдер аркылуу белгиленген укуктук тартип өкүм сүргөн кысыктар (Балтика, Карадеңиз, Магеллан, Гибралтар кысыктары).